Мындан ары Кыргызстанга киргенде ПЧР-тест жана эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт

2022-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстандын жарандары жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн чет өлкөлүк жарандар үчүн ПЧР-тестинин терс жыйынтыгынын же COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу жокко чыгарылды. Мындай чечим Кыргызстандын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабынын жыйынында кабыл алынды, — деп билдирет коронавируска каршы Республикалык штаб.